• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзгөчө абал киргизилгенден бери Бишкекте 1 миңден ашык кылмыш жана жорук катталды – Орозалиев

Коом 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Өзгөчө абал киргизилгенден бери Бишкекте 1 миңден ашык кылмыш жана жорук катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 25-марттан 17-апрелге чейин 1 миң 48 катталып кылмыш катталып, анын ичинен 950 иштин бети ачылган.

"Өзгөчө оор, оор кылмыштардын, уурулуктун ж.б. кылмыштардын саны азайганы байкалууда. Былтыр 25-марттан 17-апрелге чейин 2 миң 828 кылмыш жана жорук катталган", - деди ал.

Аны менен бирге ал өзгөчө абал киргизилгенден бери Бишкекте коменданттык саатты бузган 2 миң 52 жаран кармалганын билдирди. Анын ичинен 1 миң 745и эркек, 267си аял киши.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий