• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөчө абал киргизилгенден бери Бишкекте 38 жол кырсыгы катталды – Орозалиев

Коом 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Өзгөчө абал киргизилгенден бери Бишкекте 38 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Жарандарды жол эрежесин бузбоого чакырам. Бүгүнкү күнү көчөдө унаалар ансыз деле аз. Жол тыгындары болбойт", - деди ал.

Орозалиев жол эреже бузуулар жана айыппулдар боюнча маалымат кийинки маалымат жыйында берилерин билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий