• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө абал. Нарын шаары жана Ат-Башы районунда жалпы 351 өткөрмө кагазы берилди

Аймак 0


Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Нарын шаары жана Ат-Башы районунда жалпы 351 өткөрмө кагазы берилди. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, Нарында түндө коменданттык саатты 12 жаран бузган.

"Жалпы 351 өткөрмө кагаздын бир күндүк уруксат кагазы 19 адамга, күнү-түнү жүрүүгө уруксат берилген 72 өткөрмө кагазы берилди. Калгандары күндүзгү маалга берилгендер", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий