• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө абал: Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Өзгөчө абал режими киргизилген Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты болуп Ички иштер министрлигинин Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Уланбек Аалиев дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Маалыматка ылайык, тиешелүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде кол койгон.

Белгилей кетсек, бүгүн коронавирус пандемиясынан улам Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал режими киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий