• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөчө абал: Нарында бир күндүк уруксат өткөрмө кагазы бериле баштайт

Аймак 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Нарында бир күндүк уруксат өткөрмө кагазы бериле баштайт. Бул тууралуу Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, өткөрмө кагаздарынын үч түрү бар.

"Өткөрмө кагаздарын иштеп чыктык. Бир күндүк уруксат өткөрмө кагазы көк түстө болду. Эртең мененки 06:00дөн кечки саат 20:30га чейин уруксат берилген өткөрмө кагазы сары түстө, ал эми күнү-түнү жүрүүгө уруксат берилген өткөрмө кагазы кызыл түстө болот. Кызыл уруксат кагаздары медицина жана милиция кызматкерлерине берилет", - деди ал.

Белгилей кетсек Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий