• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзгөчө абал Орозо бүткөнгө чейин узартылышы мүмкүнбү? – биринчи вице-премьердин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "өзгөчө абал Орозо бүткөнгө чейин узартылышы мүмкүнбү? Эгерде узартылса, ал тууралуу качан жарыяланат?" деген суроого жооп берди.

"Бул жөнүндө азырынча айтуу кыйын. Анткени бул маселе мамлекеттик кызматкерлерден көз каранды эмес. Ал бардык жарандардан жана эпидемиялык кырдаалдан көз каранды болот. Учурда белгиленген чектөөлөрдү карманып, өтө зарыл учур болбосо шаар ичинде жүрбөшүбүз керек. Бул биздин жарандык парзыбыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилген.

Ошол эле учурда Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылса, калган аймактарда өзгөчө абал тартиби алынууда.

Өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий