• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө абал: Ошто коменданттык саат кыскартылды

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Ошто коменданттык саат кыскартылды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүк, медицина жана айыл чарба тармагында иштеген автоунаа ээлерине өткөрмө кагаздары берилбейт. Алардын унаалары токтотулбайт. "Бүгүндөн тарта коменданттык саат кечки 21:00дөн таңкы 06:00гө чейин болуп өзгөртүлдү. Анткени кечке чейин иштегендер да болууда. Эскертке кетейин өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды. Жөө жүргүнчүлөр, күндүзгү маалда жүрө турган уруксат кагаздары 30-апрелге чейин узартылары боюнча буйрук чыкты", - дейт комендант.

Нурдинов белгилегендей, мындан ары уруксат кагаздарын алууну каалагандар 3222.tunduk.kg сайтына билдирүү калтырса болот.

15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 449га жетти. Алардын ичинен 98и медицина кызматкерлери. Коронавирустан 78 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий