• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөчө абал: Ошто коменданттык сааттын эрежесин бузган 5 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Ошто коменданттык сааттын эрежесин бузган 5 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, коомдук-саясий абал туруктуу. "Коменданттык саатты бузган жарандар райондук ички иштер башкармалыгына жана комендатурага алынып келинген. Тартипти бузган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат бүткөндө кое берилди", - дейт Нурдинов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 144гө жетти. Алардын ичинен тогуз адам айыккан жана илдетти жуктуруп алган 61 жаштагы адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий