• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Жарлыкка президент кол койду

Президент 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылууда.

Аталган Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.

Пикир

Оставить комментарий