• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө абал режими: Бишкекте коменданттык саатты бузган 157 жаран, анын ичинде 5 чет элдик кармалды

Коом 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Бишкекте коменданттык саатты бузган 157 жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

"Борбор калаада коменданттык саатты бузган 157 жаран кармалды. Алардын ичинде 134 эркек, 23 аял бар", - деди ал.

Ал белгилегендей, кармалгандардын арасында 5 чет элдик жаран жана 3 жаш өспүрүм бар.

27-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталды. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген жерлерде 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий