• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө абал режими кайсы учурда алынышы мүмкүн? Бороновдун жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифинг учурунда өлкөнүн айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режими тууралуу сөз кылып, ӨБ режими качан алынышы мүмкүндүгү тууралуу азырынча так бир жооп айта албастыгын билдирди.

“Ал биздин өзгөчө абал убагында өзүбүздү кандай алып жүрүүбүздөн көз каранды. Эгер калк киргизилген эрежелерди так аткарып, ал эми өкмөт тарабынан иштер жүргүзүлсө, анда бул көйгөй бат эле чечилет”, - деди ал.

Боронов баса белгилегендей, бардыгы бир гана өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштен эмес, калктан жана алардын жоопкерчилигинен да көз каранды.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан баштап 15-апрелине чейин өзгөчө абал киргизилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-апрелге карата коронавирус жуктурган 42 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 270ке жетет. Алардын ичинен 35 адам коронавирустан айыккан – анын ичинен бүгүн 10 адам ооруканадан чыгарылат. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий