• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзгөчө абал режими: Укук коргоо органдарына баш ийбегендерге жоопкерчилик каралган – Дүйшөнбиев

Коом 0


Бишкек, 24.03. 20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыктарга ылайык, 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак өзгөчө абал киргизилүүдө. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнүн Боашкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев билдирди.

"Өзгөчө абал жарандардын өмүрүн, ден соолугун сактоо жана алардын коопсуздугун коргоо, коомдук тартипти камсыздоо, Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында киргизилүүдө", - деди ал.

Ал белгилегендей, жарлыкка ылайык өзгөчө абал киргизилген мезгилде Бишкек шаарынын коменданты болуп КР ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалат.

Ошондой эле Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болсо, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жеңишбек Жоробеков Мама Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп дайындалат.

"Шаарларлын, райондордун коменданттарына мыйзамга ылайык өзгөчө абал режимин камсыздоо, өзгөчө абал шарттарында тиешелүү чараларды көрүү жүктөлгөн", - деди ал.

Ал белгилегендей, коменданттар коменданттык саттын убактысын, өзгөчө абал киргизилген район, шаарларга кирүү-чыгуу режимдерин белгилешет жана башка керектүү чектөө чараларын көрүшөт.

"Ошондой эле жарандардын турмук-тиричилигин камсыздоочу объекттердин, тамак-аш саткан дүкөндөрдүн, медицинаык мекемелердин, дарыканалардын туруктуу иштешин камсыздашат", - деди ал.

Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызмат адамдары, ошондой эле бардык жарандар коменданттардын ишине көмөк көрсөтүп жана өзгөчө абал режиминин камсыздоодогу алардын талаптарын так аткарышы зарыл.

Анын айтымында, коронавирус жайылып кетпеши үчүн жарандар сунушталган санитардык-гигиеналык талаптарды аткарышы керек.

"Жарандар эл чогулган жерлерге барбай, зарыл болбогон учурда өз үйүнөн чыкпаш керек", - деди ал.

"Өзгөчө абалдын талаптарын аткарбагандарга, жалган маалымат тараткандарга, укук коргоо органдарына, аскер кызматкерлерине баш ийбегендерге мыйзам боюнча жоопкерчилик каралган", - деди ал.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42 жетти.

Пикир

Оставить комментарий