• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө абал шарттарында милдеттерин аткарган аскер жана милиция кызматкерлерине компенсациялар төлөнөт

Өкмөт 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Өзгөчө абал шарттарында милдеттерин аткарган аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине компенсациялар төлөнөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өзгөчө абал шарттарында милдеттерин аткарган аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине компенсациялар төлөнөт. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 639 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобонун 7-пунктун ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий