• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө абал. Өткөрмө уруксат кагаздарын сатуу фактысы боюнча милиция кызматкери кармалды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Өткөрмө уруксат кагаздарын сатуу фактысы боюнча милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирет.

УКМКдан билдиришкендей, 1-апрель күнү УКМК жана ИИМ ички иликтөө кызматы биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарындагы Октябрь райондук милициясынын кызматкери У.К. пара алып жаткан учурунда кармалган.

"Такталгандай, ал жеке компаниянын өкүлүнөн санитардык жана блокпостордон өтүүгө уруксат берүүчү кагаздарды берүү үчүн акча талап кылганы аныкталды. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү ("Пара талап кылуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынды", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган милиция кызматкери УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий