• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөчө абал убагында кандай учурда жеке унаа менен жүрүүгө болот? – Жол коопсуздугу башкармалыгынын жообу

Коом 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Өзгөчө абал учурунда дарыкана, дүкөн жана ооруканага бара жатканда жеке унаа менен жүрүүгө болот. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктан билдиришкендей, айдоочунун жанында өздүгүн аныктаган документ жана маршруттук баракчасы болушу керек.

"Өзгөчө абалда уруксат берилген үч учурда – дарыканага дары-дармекке, азык-түлүк үчүн дүкөнгө жана ооруканага бара жатканда унаа менен жүрүүгө болот. Коронавирус инфекциясынын таралышына тобокелчилик болгондуктан такси кызматын көрсөтүп иштөөгө болбойт. Болбосо такси болуп иштегендерге административдик чара көрүлөт", - деп билдиришти башкармалыктан.

Пикир

Оставить комментарий