• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөчө абал учурунда бааны негизсиз көтөргөн юридикалык жактарга 28 миң сом айыппул салынат – Сабиров

Коом 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Мамлекеттик жөнгө салуу тартиби киргизилген товарлардын баасын негизсиз кымбаттаткан юридикалык жактарга 28 миң сом айыппул салынат. Бул тууралуу өкмөтү үйүндөгү маалымат жыйында Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директору Шухрат Сабиров билдирди.

Ал белгилегендей, өкмөттүн 11-марттагы токтому менен социалдык жактан маанилүү товарларга мамлекеттик жөнгө салуу тартиби киргизилген. Алардын катарында ун (1 жана 2-сорт), өсүмдүк майы, бөлкө нан, макарон, кумшекер, сүт, жумуртка, май, эттин түрлөрү (уй, кой чочко эти), жергиликтүү жана сырттан келген күрүч бар.

"Анын негизинде агенттикке социалдык маанилүү товарлардын максималдуу бааларын аныктоо боюнча тапшырма берилген. 13-марттан бери биздин облустагы бөлүмдөрүбүз социалдык жактан маанилүү азыктарга максималдуу сатылуучу бааны коюп берген. Учурда чекене сатылган товардын 11 түрү боюнча баалар коюлган. Жума сайын мониторинг жүргүзүлүп жатат", - деди ал.

Ал, 3-апрелде "Бузуулар тууралуу" кодекске өзгөртүүлөр киргенин айтып, ага ылайык өзгөчө абал учурунда мамлекеттик жөнгө салуу тартиби киргизилген товарлардын баасын негизсиз кымбаттаткандар үчүн ири өлчөмдө айыппул каралганын белгилеп өттү.

"Өзгөчө абал кирген жерлерде товарларды Монополияга каршы агенттик бекитип берген баадан ашырып саткан учурлар аныкталса физикалык жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айыппул салынынат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий