• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө абал учурунда банк системасынын 7 миӊ кызматкери кесиптик милдеттерин аткарды — Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Өлкөдөгү өзгөчө абал учурунда банк системасынын 7 миӊ кызматкери күн сайын жумушка чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымдады.

Анын айтуусууна караганда, мындан улам төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштеши камсыздалган.

"Кыргызстандыктарга бардык пенсиялар жана жөлөк пулдар убагында жеткирилди. Калк ичинде төлөмдөрдү жүргүзүү жана акча которууларды алуу мүмкүнчүлүгү жаралды”, - деди Абдыгулов.

Ошондой эле Улуттук банктын төрагасы Кыргызстандын валюта рыногундагы абал туруктуу экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий