• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери кошумча төлөмдөрдү алат - Жунушалиев

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Өзгөчө абал режиминин убагында кызмат өтөп жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кошумча төлөмдөр төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, кошумча төлөмдөрдүн суммасы ээлеген кызматына жана наамына жараша болот. “Өзгөчө абал учурунда ишке тартылган кызматкерлердин бир күндүк маянасы үчкө көбөйтүлөт. Азыркы убакта министрликте эсептеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул эсептерди биз өзгөчө абал режими аяктаган соң Финансы министрлигине өткөрүп беребиз”, - деп кошумчалады Жунушалиев.

Пикир

Оставить комментарий