• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө абал учурунда кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге кошумча акы төлөнүүдө – Жалал-Абад шаарынын коменданты

Аймак 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Өзгөчө абал учурунда кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге кошумча акы төлөнүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

"Кошумча каражат милиция кызматкерлеринин айлык маянасына жаан чиндерине жараша төлөнүүдө", - деди ал.

Ал, милиция кызматкерлери жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалганбы деген суроого жооп берип жатып, коомдук тартипти кароого тартылган милиция кызматкерлери, ошондой стационардык карантиндик посттордо иштеп жаткан медицина, милиция, аскер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болгонун билдирди.

Эскерте кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Кыргызстанда 5-апрелге карата коронавирус жуктурган 3 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 147ге жетти. Алардын ичинен 9 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий