• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө абал учурунда жарандардын жанында кандай документтер болушу керек?

Коом 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө абал киргизилген аймактарда турган жарандар күндүзгү маал сыртка чыкканда жанында кандай документтер болушу керектигин айтып берди.

Ал өзгөчө абал киргизилгенден кийин жарандарга 20:00дөн 07:00гө чейин көчөдө жүрүүгө болбой тургандыгын эскертти. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин сыртка үч себеп менен чыга алат. Андан башка себеп менен эшикке чыгууга болбойт.

"Жарандар дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу үчүн эшикке чыга алат", - деди ал.

Аны менен бирге ал белгилегендей, сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук анкета болушу керек. Учурда аталган маршруттук кагаз даярдалып жатат жана алар жарандарга таратылат. Анын айтымында, жаран ал кагазга аты-жөнүн, кайсы жерде жашарын, бара турган дүкөн же дарыкананын дарегин көрсөтүп, ошол көрсөтүлгөн багыт менен гана жүрүшү керек. Эртең ал маршруттук анкета боюнча кошумча маалымат берилет.

"Жолдо бара жатканда жарандарды милиция кызматкери токтотуп калышы мүмкүн. Ал учурда жарандар эки документти көрсөтүшөт: биринчиси өздүгүн тастыктаган документ, экинчиси биз айткан маршурттук кагаз болот", - деп, Боронов жарандарга жанында документтерин алып жүрүүнү эскерттип өттү.

"Ансыз кайгуул кызматкерлери өздүгүн аныктоо же башка маселелер үчүн жаранды атайын пункттарга алып кетиши мүмкүн", - деди ал.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий