• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөчө абал. Уруксат кагаздарын саткан милиция кызматкеринин жетекчилигине карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө – комендант

Коом 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Бишкекте уруксат кагазын берүү үчүн пара алып жаткан жеринен Октябрь районунун милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Ал белгилегендей, ал милиция кызматкери УКМК жана ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

"Учурда иликтөө иштери башталды. Буз мыйзам бузууга жол берген жетекчилерге карата кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бишкек шаарынын комендатурасы милиция кызматкерлерин мыйзам бузбоого чакырат", - деп Орозалиев, алар өз катарын мындай кызматкерлерден тазалап турарын билдирди.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 116ге жетти. Алардын ичинен 5 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий