• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөчө абал узартылып калса өткөрмө кагаздары эмне болот? Оштун комендантынын жообу

Аймак 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Өзгөчө абал режими узартылып калса өткөрмө кагаздары да буйруктун негизинде узартылат. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, баары абалга жараша болот. "Мурун берилген өткөрмө кагаздары буйруктун негизинде узартылат. Ал эми жаңы уруксат кагаздарын алыш керек болгондордун арыздарын онлайн режимде кабыл алабыз. Бул боюнча маселе жаралбайт", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 430га жетти. Алардын ичинен 79у медицина кызматкер. Коронавирустан 71 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий