• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө абал. Жалал-Абад облусунда бир адам киши колдуу болду. Шектүүлөр аныкталган

Аймак 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, бир күн ичинде облус аймагында 21 кылмыш катталып, алардын ичинде адам өлтүрүү фактысы катталган.

"Азыркы мезгилде ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат. Учурда шектүү адамдар аныкталган", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий