Өзгөчө абал: Журналисттерге аккредитация берилбейт - Бишкек шаарынын коменданты

COVID - 19 0


Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Журналисттерге өзгөчө абал учурунда шаарда жүрүү үчүн аккредитация берилбет. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, журналисттердин өздөрүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аларга аккредитация берилбейт.

“ЖМКлардын көптөгөн кайрылууларына байланыштуу, чакан түшүндүрмө берип кетейин! КР «Өзгөчө абал жөнүндө» конституциялык мыйзамында Өзгөчө абал – калктын коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында гана жарандардын укуктары менен эркиндигине айрым чектөөлөрдү киргизүүгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттенмелерди жүктөөчү убактылуу чара экендиги так көрсөтүлгөн", - деди комендант.

Ал белгилегендей, күнүмдүк иш тартиби өзгөрүлдү.

"Мыйзам бардыгына, анын ичинде ЖМК өкүлдөрү үчүн да бирдей. Ошону менен бирге ЖМКнын толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу жана аларга ыңгайлуу болуусу үчүн күн сайын онлайн режимде Республикалык штабдын жана жер-жерлердеги коменданттардын брифингдери өтүп, алар түз эфирде көрсөтүлүп жатат. Бардык кызыктырган суроолор WhatsApр номерине жиберилүүдө. Биз журналисттер жана коомчулук тарабынын берилген эң орчундуу жана курч суроолорго жооп берип жатабыз. Буга чейин мен өзгөчө абал учурунда журналисттерди аккредитациялоо маселесине токтолгон элем. Биз кырдаалды анализдеп чыктык. Журналисттердин өздөрүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аларга аккредитация бере албайбыз”,- деп кошумчалады ал.

Ал билдиргендей, бул биринчи кезекте журналисттердин ден соолугунун коопсуздугу үчүн керек.

"Ошондуктан, сиздерден өзгөчө абалдын талаптарын аткарууну көптөн көп суранып кетээр элем. Республикалык штабдын жана коменданттардын онлайн-брифингдеринен жооп алуу үчүн силерди кызыктырган суроолоруңарды пресс-борборлорго «тынымсыз байланыш телефону» аркылуу жиберсеңиздер болот. Башка өлкөлөрдүн үлгүсү көрсөткөндөй, ал жактарда дагы журналисттердин ишине болгон талаптарга өзгөртүүлөр киргизилген. Бүгүнкүдөй жаңы технологиялардын доорунда дүйнө жүзүндө көпчүлүк адамдар алыстатылган режимде иштеп жатат", - дейт ал.

Анын айтымында, азыркы учурда интернет байланыштары жана байланыштын башка каналдары аркылуу суроолорго ар кыл өңүттөгү жоопторду алууга болот.

“Коронавирус инфекциясы – жалпы адамзат үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн дагы жаңы чакырык. Аны менен күрөшүүдө биз бир муштумга биригип, саясий жана башка көз караштарыбызды четке жыйыштыра туруп, бул чакырыкка каршы биригишибиз керек. Мындан улам журналисттерге Республикалык штаб, комендатуралар жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген так, даана маалыматтарды гана тараткыла деп кайрылат элем. Ийгиликтүү натыйжага жетүүнүн башкы шарттарынын бири мыйзам тарабынан аныкталган бекем тартипти жана эрежелерди сактоо болуп саналат. Сиздерди туура түшүнөт деп ишенем жана маалыматтык колдооңуздарга ыраазычылык билдирем”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Ал билдиргендей, суроолорду төмөнкү телефондор аркылуу узатса болот: 66-06-16, 66-07-10,66-21-34, 66-02-48, 62 22 63, ошондой эле электрондук почтага жиберсе болот: Komendant312@gmail.com.

Пикир

Оставить комментарий