• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө абалды узартуу маселеси каралса уруксат кагаздары боюнча кошумча маалымат берилет – Жоробеков

Аймак 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Өзгөчө абалды узартуу маселеси каралса уруксат кагаздары боюнча кошумча маалымат берилет. Бул тууралуу Жалал-Абад жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде абал узартылса мурда алынган уруксат кагаздарын жаңыртууга туура келеби деген суроо узатылды.

"Учурда коменданттык саатты узартуу же токтотуу боюнча маалымат жок. Бул боюнча маалымат келгенде өткөрмө кагаздары боюнча маалымат берилет", - деди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий