• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө ишмердик сапаттары бар эле — Мырзакул Мамбеталиевге жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Кыргыз маданияты жана журналистикасы орду толгус оор жоготууга учурады. Улуттук телерадио берүү корпорациянын “Котормо” студиясынын продюсери Мырзакул Жумакадырович Мамбеталиев 63 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Мырзакул Мамбеталиев кыргыз телерадио ишине 41жылдык өмүрүн арнады. Алгач журналист катары Кыргызстандын алыскы айылдарын түрө кыдыра, чыгармачылыктын ысык-суугуна бышып такшалса, 1986-жылдан телевидениенин Коомдук-саясий программалар редакциясы жана социалдык-экономикалык программалар редакциясында бөлүм башчы болуп жетекчилик милдетти аркалай баштаган.

1990-жылдары телевидениенин коомдук-саясий редакциясы, телепрограммалар боюнча дирекцияны жетектеп, “Ала-Тоо” маалымат редакциясында башкы редактору, 2001-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиокорпорациясынын 1-вице-президенти, 2002-2005-жылдары вице-президенти, 2005-2006-жылдары “Ала-Тоо” маалымат башкы редакциясынын башкы редактору, Телепрограммалар дирекциясынын директору, 2020-жылдан бери Котормо жана үн коштоо студиясынын продюсери болуп иштеп келди.

М.Мамбеталиев Кыргыз телерадиосунда эмгектенген 41 жыл ичинде жогорудагыдай чыгармачылык жана жетекчилик жолду басып өтүү менен телерадионун мазмундук, сапаттык жактан жакшырышына, өнүгүшүнө бараандуу салымын кошо алды. Анын структуралык, чыгармачылык, форматтык жактан өзгөрүшүнө, уктуруулар менен теле берүүлөрдүн таасирдүүлүгүн арттырууга, жаңыча ыкмалардын жаралышына кошкон үлүшү зор. Телекөрүүчүлөргө өзгөчө “Ала-Тоо” жана “Жетиген” маалымат-аналитикалык программаларын алып баруучусу катары таанылган. Журналист катары тил байлыгы кенен, уюштуруучу катары чыгармачыл жамааттын башында турган өзгөчө ишмердик сапаттары бар эле.

Ал өмүрүнүн соңку учурунда котормо студиясын жетектеп турган мезгилде чыгармачыл жамааты менен бирге мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу максатында мультфильм, көркөм, даректүү тасма жана сериалдарды кыргыз тилине которуп, көрүүчүлөрүбүзгө тартуулап келди. Өзгөчө “Даңазалуу доор”, “Эртугрул” жана башка сериалдардын кыргыз тилине которулушу коомчулук арасында жылуу пикир жаратып келди.

М.Мамбеталиев өз учунда КТРКнын эл аралык кызматташтыгын бекемдөөгө дагы өз салымын кошо алды. Кытай Эл Республикасынын Синцзянь Эл Радиосу менен түзүлгөн кызматташтык келишими аркасында, 20 жылдан бери алака ийгиликтүү уланып келди. КТРК аркылуу күн сайын берилип жаткан “Жүнгүгө сапар” аттуу кыргыз тилиндеги көрсөтүү менен уктуруу эки тараптуу кызматташтыктын жемиши болуп калды.

М.Мамбеталиев өлкө алдында өзгөчө эмгеги жогору бааланып, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон. 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы, 2000-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” ардак наамы алып, “КТРКнын Отличниги”, президенттин “Алтын калем” сыйлыгынын ээси. Жакында эле 2022-жылы 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгы менен “Даңк” медалы менен сыйланган.

Кыргыз телерадио берүүсүнө чоң салымын кошкон чыгаан жуурналист Мырзакул Мамбеталиевдин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун туугандары жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

С.С.Касмамбетов, А.А.Касымалиев, Э.Ж.Байсалов, А.К.Жаманкулов, Э.А.Султанбаев, Д.Т.Орунбеков, К.О.Иманалиев, Ж.И.Уракунова, А.Ы.Мусаев, У.А.Сатиев, Р.Р.Султанов, Т.К.Жаманбаева, Г.С.Базаров, А.А.Алдашева, Г.А.Молдоева, Б.Ж.Жайчиева, А.А.Айтикеев, М.М.Мамбетакунов, Б.Ж.Сутенова, С.Ж.Мусаев, К.Т.Оторбаев, Б.Ж.Алиев, К.С.Молдокасымов ж.б.

Пикир

Оставить комментарий