• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөчө корей сабиз салатын жасоо ыкмасы

Дүр дүйнө 0

Жашылчалардан жасалган салаттардын кеңири түрү бар. Алсак, корея сабиз салаты көпчүлүктүн жакшы көргөн даамдарынын бири. Бул салат аз убакытта жасалат. Эң башкысы аны даярдоо баскычтарын туура аткаруу керек.

Курамы:

Сабиз – 1 кг;

Туз - 1 чай кашык;

Кызыл калемпир – бычактын учу менен;

Кориандр – 1 чымчым;

Өсүмдүк майы – 0,5 стакан;

Сарымсак – 4 (чоң) тиш;

Соя соусу – 1 аш кашык;

Лимондун жарымы.

Сабизди тазалап, майда же атайын корея салаты үчүн туурагычтан өткөрөбүз. Сабизди чуңкур идишке салып, ширеси чыккыча, 3-4 саатка калтырып коюу керек.

Андан соң сабиздин ортосун чуңкурайтып, ага туз менен калемпирди салабыз. Аралаштырбайсыз.

Өсүмдүк майын отко бир аз түтүн байкалгыча ысытуу керек. Туз менен калемпирдин үстүнө ысык майды куюп, аралаштырбастан, капкак менен жаап, 10 мүнөткө коюу керек.

Белгиленген убакыт өткөн соң, капкакты ачып, бардыгын аралаштырасыз. Бир чымчым кориандр, соя соусун, жаңы сыгылган лимон, сарымсак кошуп, кайрадан аралаштыруу керек.

Дароо дасторконго койсо же капкагын жаап, дагы он мүнөткө коюп коюуга болот. Натыйжада, салаттын даамы гана эмес, жыты дагы өзгөчө болот.

Тамагыңыздар таттуу болсун!!!

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий