• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөчө кырдаалдар министри Алай районунда чатырларда жашап жаткан үй-бүлөлөр менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-майда КР өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Алай районуна барды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алгач, министр Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын Таш-Коро айылындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган жарандарды убактылуу коопсуз жайга көчүрүү максатында уюштурулган чатыр шаарчасында жашаган үй-бүлөлөр менен жолугушуп, аларга түзүлгөн шарттар менен жеринде таанышты.

Андан соң, Гүлчө айыл аймагынын Гүлчө дарыясынын оң жээгине 470 метр аралыка дамба куруу маселеси каралып, айыл аймактын башчысына аталган обьектинин долбоорунун даярдоо жүктөлүп, андан ары иш алып баруу ӨКМдин тийиштүү жетекчилерине тапшырылды.

Соңунда, Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Кичи-Бүлөлү айылындагы Гулек участкасындагы жер көчкүнү көрүп, тийиштүү жетекчилерге алдын алуу иш-чараларын аткарууга алууну тапшырды.

Министрдин андан ары иш-сапары Ош облусунун Чоң-Алай районунда уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий