• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өзгөчө кырдаалдар министри Аскаров Чүй облусундагы кооптуу аймактарды кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 17.05.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров күн мурун, 16-майда министрликтин тийиштүү бөлүмдөрүнүн жана ведомстволорунун башчыларынын катышуусу менен Чу дарыясынын жээгиндеги кооптуу аймактарды кыдырып чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр алгач Чүй районунун Алчалуу айыл аймагын аралап өткөн Бурана суусунун жээгине барды. Аталган аймакта Бурана дарыясынын жанында жайгашкан дамбаны механикалык тазалоо иштери пландаштырылууда. Иштин жалпы узундугу 1,5 чакырымды түзүп, натыйжада Алчалуу айылындагы 90 турак жай корголот.

Андан соң, Кемин шаарындагы Учхоз участогун жеринен көрүп, министр жергиликтүү калк жана активисттер менен жолугуп, Чу дарыясынын жээгин коргоо боюнча маселелер талкууланды. Аталган аймакта Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жээк бекемдөө иштерине долбоордук-сметалык документтер даярдалып, жумуш жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жүргүзүлөт.

Жумушчу сапардын алкагында министр Аскаров Чу дарыясынын жээгиндеги Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл аймагындагы жээк эрозиясы орун алган аймакта болуп, тийиштүү жетекчилерге аталган аймакта жээк бекемдөө иштерин баштоону тапшырды.

Андан ары, министр Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы Чу дарыясынын жээгин коргоо иштерин текшерди. Учурда жумуш 80%га аяктап, 10 күндүн ичинде толугу менен бүткөрүлөт.

Соңунда, Сокулук районунун Камышановка айылында жайгашкан Скотомогильник участогунда жана Сокулук районундагы Төмөнкү-Чүй айыл аймагынын Төмөнкү-Чүй айылында Чу дарыясынын жээктерин коргоо иштерин жеринен текшерип чыгып, курулушту сапаттуу аткарып, 1 айдын ичинде жумушту аягына чыгаруу талабын койду.

Эскерте кетсек, Чу дарыясынын жээгинде жалпы 193 кооптуу аймак бар. Анын ичинен 47 обьектиде коргоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда 3 обьектиде жумуш жүргүзүлүп, 2020-жылы кошумча дагы 3 обьект киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий