• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөчө кырдаалдар министри Аскаров Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүрөт

Аймак 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров бүгүн, 7-майда Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министр иш сапарын Кара-Көл шаарынан баштаган.

"Шаарды аралап өткөн Кара-Суу суусу жыл сайын жаз, жай мезгилдериндеги жааган жамгырдан улам, карлардын ээришинен суу ташкындап, шаардын Ак-Кыя-1 жана Ак-Кыя-2 участокторундагы 400дөн ашык калктуу конушка кооптуулук жаратып келген тилкени министр жеринен көрүп чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Министр андан соң Аксы районуна барган, 3-майда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, андан жабыркаган аймактарды жеринен көрүүдө.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 3-май күнү болжол менен саат 12:10 чамасында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында топтолгон суу арыктарга батпай, №38 ЖТИ тейлеген автоунаа жолу менен агып, жол жээгинде жайгашкан 3 дүкөндүн ичине жана 3 турак үйдүн короосун каптап, жолдун 1 чакырым аралыкта 1 тарабын жеп кеткен. Кыйроолор жана жабыр тарткандар болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий