• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев аппараттык кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-ноябрда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев аппараттык кеңешме өткөрдү.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө өрт өчүрүү багытындагы көйгөйлүү маселелер, коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу иш-аракеттер талкууланды.

Министр Ажикеев орун басары Калыс Ахматовго өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында атайын комиссия түзүп, иш алып барууну тапшырган.

Мындан тышкары, министр өздүк курамдын коопсуздук шарттарын жакшыртууну баса белгилеп өттү.

Аппараттык жыйынга министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары катышты.

Пикир

Оставить комментарий