• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев «Санарип Кыргызстан» долбооруна кошулуу боюнча жыйын өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 31.10.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Б. Ажикеев «Санарип Кыргызстан» долбооруна кошулуу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрдин айтымында, иш-чаранын негизги максаты - Кыргызстандагы кырсыктарды алдын алуу жана изилдөө, табигый же техногендик кырсыктардан келтирилген чыгымдарды жокко чыгаруу же азайтуу, коррупцияга бөгөт коюу жана жарандар менен тыгыз байланышта болуу.

Жыйында Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетке караштуу «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борборунун жетекчиси Нурия Кутнаева, орун басары Азамат Буржуев жана ӨКМдин кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий