• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөчө кырдаалдар министри Дыйкан-Кара-Кече унаа жолундагы абалды жеке көзөмөлүнө алды

Аймак 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Дыйкан-Кара-Кече унаа жолундагы абалды жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта министр унаа жолдун 37-чакырымында тоо беттеринен таш аралаш жер кыртышы активдешкен аймакта жүрөт. Абалды жеринде көзөмөлдөгөн соң Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте иштерди жүргүзмөкчү.

Эскерте кетсек, Жумгал районундагы Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунунун 37-чакырымында тоо беттеринен таш аралаш жер кыртышы активдешип, унаа жолдун 500-700 метр аралыгына түшкөн. Активдешкен жер кыртышынын көлөмү болжол менен 900 000 м3 түзөт.

Министр Замирбек Аскаров абалды жеринде көзөмөлдөө үчүн кырдаал катталган аймакка жөнөп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий