• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Өзгөчө кырдаалдар министри ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин башчысын кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин башчысы Пьер фон Арксты кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр Бообек Ажикеев ЕККУ өкүлүнө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүп, гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө министрликтин потенциалын жогорулатуу, адистерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча маанилүү иш-чараларды камтыган ЕККУнун программалык кеңсеси менен өз ара аракеттенүү планы талкууланды.

Мындан тышкары “Кыргызстандын аймагындагы табигый жана техногендик коркунучтардын атласы” эл аралык долбооруна кол коюлуп, ӨКМге компьютерлер өткөрүлүп берилди.

Министр Бообек Ажикеев, Пьер фон Арксты ӨКМдин төш белгиси менен сыйлады.

Пикир

Оставить комментарий