• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министри иш сапары менен өлкөнүн түштүгүнө барды

Коом 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев иш сапары менен өлкөнүн түштүгүнө барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Баткен облусунун Баткен районундагы Бужум айылында «Коопсуздук-2021» биргелешкен командалык штабдык жана мобилизациялык машыгуусуна болгон даярдыктарды көзөмөлдөөдө.

Бүгүнкү күндө КР Куралдуу күчтөрү менен бергеликте өткөрүлүп жаткан машыгууга КР ӨКМ тарабынан эвакуацияланган адамдарды (калкты) кабыл алуу, жайгаштыруу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүү иш-чарасы дайындалган. Министр эвакуацияланган адамдарды убактылуу кабыл алуучу жайды текшерип, байланыш түйүнүн күчөтүү боюнча тапшырмасын берди.

Андан соң Ажикеев Баткен облустук башкармалыгы жана издөө-куткаруу отрядынын өздүк курамы менен таанышып чыкты.

Бужум айылында убактылуу кабыл алуу жайы даярдалып 52 даана чатыр орнотулду. Учурда Баткен районунун жарандык коргону кызматы даярдыгын көрүүдө. Иш-чара 2021-жылдын 1-апрелинен баштап, 3-апрелге чейин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий