• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министри кар көчкү түшкөн аймакка барды

Аймак 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кечээ, 23-февралда кар көчкүдө калган жарандарды издөө иши жүрүп жаткан жерге барды.

Министрликтен билдиришкендей, министр каза болгон кыргыз жаранынын жакындарына жолугуп, аны табууга болгон күч-аракет жумшаларын айтты жана кечиктирилгис түрдө аткарыла турчу бир катар тапшырмаларды коюду.

Такталган маалыматка ылайык, тоо боорунан 17 жолу майда, сегиз ирет чоң көлөмдөгү кар көчкү түшүп ныкталып калган. Туннелдин түштүк тарабындагы изделип жаткан үч адамды басып калган кардын көлөмү 1,5 млн куб метрди түзөт.

“Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолдогу туннелдин түштүк тарабына курулуш иши бүтө электигине байланыштуу, карды тазалоого техника кирүүгө мүмкүн эмес болуп турат. Ал эми туннелдин түндүк жагында карды тазалоо иши дагы да болсо уланууда. Жол ачылары менен дагы беш экскаватор тартылып, жарандарды болушунча тез убакыт аралыгында табуу пландалып жатат”, - деди министр.

Учурда түшкөн кардын бийиктиги 40 метр, айрым жери 60 метрге чейин жетет. Ага карабастан куткаруучулар 30-40 метрден ашкан тереңдикке түшүп, өмүрүн тобокелдикке салуу менен издөө ишин жүргүзүүдө.

Кырсык орун алган аймакта жарандарды издөө ишин министрликтин кызматкерлери окуя орун алган күндөн бери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Жеринде 58 куткаруучу, атайын үйрөтүлгөн иттер, темир издөөчү каражат менен эки адис иш алып барууда жана жалпы сегиз техника тартылган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-февраль күнү Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунунун 332-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) туннелдин түндүк тарабы жана болжол менен 338-чакырымында туннелдин түштүк тарабына кар көчкү түшүп, “Чайна Роуд” ишканасынын төрт кызматкерин кар басып калган.

Пикир

Оставить комментарий