• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министри Талас облусуна иш сапары менен барды

Аймак 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-сентябрда өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапардын максаты Талас облусундагы кооптуу тилкелерди жеринен карап, тиешелүү алдын алуу иштерин жүргүзүү чечимдерди кабыл алуу.

"Министр жергиликтүү калктын кайрылууларын негизинде барды. Замирбек Аскаров иш сапарын Талас районунун Осмонкулов айыл аймагынын Талды-Булак айылынан баштады. Ал жерде суунун агымы көбөйгөн учурда жолдорду суу каптап коркунучка алып келип турган. Аталган тилкеде кооптуу делинген 60 түтүн турак жайды каптоо коркунучу бар. Министр маселени жеринде карап, ишти баштоону тиешелүү башкармалыктарга тапшырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий