• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Нарын облусуна барды

Аймак 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Күн мурун, 20-майда КР өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Нарын облусуна жумушчу сапары менен барды.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жумушчу сапар Нарын облусунун Кочкор айылында жайгашкан Кочкор райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жаңы курулуучу ДЭПОнун мерчемдөө боюнча иш-чаралары менен таанышуудан башталды.

Андан ары министр Кочкор районунун Көк-Жар айылында “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” мерчеми менен Жоон-Арык суусундагы аткарылып жаткан жумуштарды жеринен көрдү.

Ошондой эле Нарын шаарынан Запин участкасынын Нарын дарыясынын сол жээгиндеги жээк эрозиядан, суу ташкынынан турак үйлөргө жана райондук оорукананын аймагына коркунуч жараткан жагдайга жеринен күбө болуп, тийиштүү жетекчилерге тез арада коопсуздук чараларын көрүү боюнча тапшырма берди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Аскаров Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Ат-Башы районуна барып, Кара-Суу айыл аймагынын Жибек-Жолу айылындагы Ат-Башы дарыясынын жээгиндеги жээк эрозияга учураган участкалары менен жеринде таанышты.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө министр ӨКМдин тийиштүү жетекчилерине жергиликтүү бийлик менен биргеликте калктын коопсуздугун сактоо боюнча үзгүлтүксүз жумуш алып барууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий