• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Ош облусунда иш сапарда жүрөт

Аймак 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-майда КР өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Ош облусуна болгон иш сапарын Кара-Суу районунан баштады. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алгач, министр Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык аймагынын Жылкелди жана Ак-Таш айылдарындагы 127 кожолукту сел каптоо коркунучунун алдын алуу максатында казылып жаткан сел каналдагы жумуштун жүрүшү менен таанышуу үчүн барды. Аталган обьектиге КР ӨКМ тарабынан 1 даана экскаватор жана 1 даана оор жүк ташуучу авто самосвал бөлүнүп берилип, учурда сел өткөрүүчү каналды чаап тазалоо иштери жүрүп жатат. Жалпы узундугу 4500 метр сел өткөрүүчү каналдын 3000 метри чабылып тазаланат.

Министрдин иш сапары Ош облусунун Алай районунун аймактарында улантылат.

Пикир

Оставить комментарий