• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Жумгал районуна жөнөп кетти

Аймак 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Жумгал районуна жөнөп кетти.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Замирбек Аскаров кечээ Жумгал районунун Байзак айыл аймагындагы Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунунун 37-чакырымында тоо беттеринен таш аралаш жер кыртышы активдешкендигине байланыштуу Жала-Абад облусуна болгон иш сапарын токтотуп, абалды жеринде көзөмөлдөө үчүн кырдаал катталган аймакка жөнөп кетти.

Белгилей кетсек, 14-сентябрдан тартып министр Замирбек Аскаров өлкөнүн түштүк аймактагы кооптуу тилкелерди жеринен карап, тиешелүү алдын алуу иштерин жүргүзүү чечимдерди кабыл алуу үчүн иш сапары менен жүргөн.

Эскерте кетсек, Жумгал районундагы Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунунун 37-чакырымында тоо беттеринен таш аралаш жер кыртышы активдешип, унаа жолдун 500-700 метр аралыгына түшкөн. Активдешкен жер кыртышынын көлөмү болжол менен 900 000 м3 түзөт. Учурда таш кулоо процесстери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий