• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине оор инженердик техникалар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 01.07.21./Кабар/. Бүгүн, 1-июль күнү Бишкек шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүн 30 жылдыгына арналган салтанатуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Салтанатка КР президентинин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанузаков, КР Жогорку кеңешинин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев, ӨКМдин өздүк курамы, ардагерлер жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Стивен Льюис-Воркман баштаган бир катар эл аралык өнөктөштөр жана бир катар коноктор катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азия өнүктүрүү банкынын "Суу ресурстарын жаратылыштын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында алынган оор инженердик техникалар тапшырылды.

Бул техникаларга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн иштелип чыккан ар кандай модификациядагы 28 экскаватор, 8 жүктөгүч, 7 бульдозер, 2 автогрейдер, 8 кран манипулятор, 4 автокран, 10 самосвал, 2 көчмө авто оңдоочу жай, 4 күйүүчү май ташуучу унаа, 40 тонна жүк көтөрүмдүүлүккө жарамдуу 8 жүк ташуучу трал менен трактор, 2 жүргүнчү ташуучу кичи автобус жана 2 жүргүнчү ташуучу жеңил унаа кирет.

Белгилей кетүүчү жагдай, ӨКМ алгачкы жолу мындай ири сандагы оор инженердик техникалар менен камсыздылды. Бул техникалар ӨКМдин материалдык-техникалык базасын жаңы тепкичке көтөрүү менен, министрликтин жасаган ишинин сапатын жана эффектүүлүгүн жакшыртууга чоң салым кошот.

Техникалар өлкөбүздүн аймагындагы ӨКМдин башкармалыктарына таратылып, өзгөчө кырдаалдардын, табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алууга колдонулат.

Иш чаранын жүрүшүндө, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев сөз сүйлөдү.

“Бүгүн, биздин эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгү менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коргоо иш-чараларын өнүктүрүү максатында оор инженердик техникалар менен жабдылууда. Бул техникалар министрликтин потенциалын кыйла көтөрүп, өзгөчө кырдаал жаралган учурда турак жайларды, айыл чарба жерлерин сактап калууга көмөк көрсөтөт. Бул мамлекет жетекчилигинин колдоосунун жана ӨКМ кызматкерлеринин тынымсыз эмгегинин алгачкы гана жемиштери. Алдыда дагы бир нече ири долбоорлор аркылуу ӨКМдин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу иштери жүрүп жатат. ӨКМдин техникалык потенциалын жогорулатуу боюнча биздин демилгени колдоого алганы үчүн Азия өнүктүрүү банкына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Мындай сандагы инженердик оор техникалар өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда абдан чоң салым кошору талашсыз” – деп билдирди министр.”

Эскерте кетсек, быйыл КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жыл, Өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнүнө 95 жыл толду.

Пикир

Оставить комментарий