• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 100 тонна хлор сатып алды

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 100 тонна хлор сатып алды. Учурда коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу иш-аракеттиринин бири – бул дезинфекциялоочу жумуштар, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ӨКМге аймактарда залалсыздандыруу жумуштарын жүргүзүү милдеттендирилген. Сатылып алынган хлор министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө берилет. Учурда дезинфекциялоо жумуштарына керектелүүчү хлор жетиштүү көлөмдө бар.

"2020-жылдын 28-апрель күнү өлкө боюнча 52 603 чарчы метр имараттын ичи, 537 623 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 590 226 чарчы метр аймак жана 1 221 198 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды. Бул и иш-чарага 284 куткаруучу тартылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий