• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 26-27-ноябрь күндөрү түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт, бул күндөрү өлкөнүн кээ бир аймактарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы, зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөйт, 26-27-ноябрларда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9 градус суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу болот.

27-28-ноябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13 градус, күндүз -1…-6 градус, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -10…-15 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий