• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Дүйнөлүк банк менен кызматташтыкты өркүндөтөт

Коом 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча шаарларды өнүктүрүү, табигый кырсык коркунучун башкаруу практикасынын жетекчиси Кристоф Пуш баштаган делегацияны кабыл алды.

Ведомстводон билдиргендей, жолугушууда Бообек Ажикеев Дүйнөлүк банк менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн жогору баалап, анын артыкчылыктарын баса белгиледи.

“Дүйнөлүк банк – КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишенимдүү өнөктөшү. Дүйнөлүк банктын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бардык мезгилинде табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча бир катар долбоорлор сиздер менен биргеликте ишке ашырылды”, - деди министр.

Анын айтымында, Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелчиликтерине карата туруктуулукту жогорулатуу, алдын алуу үчүн алдыдагы долбоордун натыйжалуулугуна жетишүү зарыл. Ошондой эле ӨКМ менен эки тараптуу кызматташтыкты бекемдеп жаткан “Борбор Азиядагы гидрометеорологиялык кызматтарды модернизациялоо” долбоорунун учурдагы фазасы келерки жылы аяктоосу күтүлүүдө. Анын алкагында министрлик олуттуу жыйынтыктарга жетишти.

Өз кезегинде Дүйнөлүк Банктын өкүлү Пуш эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашырылган долбоор ийгиликтүү иштеп жаткандыгына токтолду.

“Учурда эки тараптуу долбоордун алкагында калкты жана аймактарды табигый кырсыктардан коргоо жана аны болтурбоо, алдын алуу иштери аткарылып жаткандыгын билебиз. Тыгыз кызматташтык аркылуу долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча алдыңкы орунда Орто Азия өлкөлөрүнүКыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги турат”, - деди Кристоф Пуш.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бири-бирине ыраазычылык билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган долбоорлордун келерки фазасын ишке ашыруу тууралуу сөз кылышты. Ошондой эле келечекте Дүйнөлүк банк менен ӨКМдин кызматташуусун мындан ары да улантууга жана өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий