• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги облустарга гуманитардык жардам жеткирүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги облустарга гуманитардык жардам жеткирүүдө. Республикалык штабдан кабарлашкандай, өкмөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гумжардам жеткирүү милдетин ыйгарган.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-апрелде Өзбекстан Республикасынан гуманитардык жардам катары келген буудай унун жеткирүү иши уюштурулду:

  • Ош шаардык мэриясы – 100 тонна;
  • Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү – 380 тонна;
  • Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү – 330 тонна;
  • Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү – 190 тонна.

Штабдан кошумчалашкандай, жер-жерлерде гуманитардык жардамды жергиликтүү бийлик органдары бөлүштүрөт.

Пикир

Оставить комментарий