• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаарындагы карылар үйү менен балдар үйүнө жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери Ош шаарындагы карылар үйү менен балдар үйүнө жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" агенттигинин кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын жыйнашып, Ош шаарында жайгашкан "Карыялар жана балдар боруукерлик үйүнө" жана "Бөбөктөр үйүнө" керектүү болгон үй буюмдарын, дары-дармектерди алып барып беришкен.

Жалпысынан 49 миң 462 сомго жардам көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий