• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги штаттык режимде иш алып барууда

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров өз милдетин улантууда, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу, калк арасында түшүндүрүү, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, өрт-куткаруу иштерин ыкчам алып баруу тууралуу тиешелүү башкармалыктардын башчыларына тапшырма берди.

“Республика боюнча бардык түзүмдүк бөлүмдөр өз жумуштарын күнү-түнү дебей күчөтүлгөн режимде иш алып барышсын. Коронавирус илдетине чалдыккандардын саны көбөйүп кетти, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аралыкты сактоо, беткап тагынуу эрежелерин эскертүү, дезинфекциялоо иштерин улантууну талап кылам. Биз саясатка аралашпайбыз, өзүбүздүн милдетибизди аткарабыз. Мамлекетибизде оор күндөр болду, ошого карабастан министрлик өз ишин улантууда. Ак үйдө өрт чыкканда, биздин өрт өчүрүүчүлөр өз ишин аткарып жатышты. Үч өрт өчүрүүчү унаа талкаланып, жараксыз болду. Кандай гана жагдай болбосун, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эл үчүн кызмат кылат, өрттү өчүрөт, табигый кырсыктардан коргойт, алдын алат – бул биздин милдет”, - деди министр Замирбек Аскаров.

Пикир

Оставить комментарий