• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кезектеги аппараттык жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кезектеги аппараттык жыйын өткөрдү, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө ӨКМ тарабынан аткарылган жумуштар, акыркы күндөрү күч алган өрт кырсыктары, коронавируска каршы иш-чараларды күчөтүү боюнча маселелер каралды.

"Парламеттик шайлоо күнүнө карата ӨКМ тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларга оң баа берилди", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми министрликке караштуу чарбалык эсептеги ишканалардын башчыларына 2021-жылдын жыйынтыгы менен ар бир түзүлгөн келишимдин аткарылышын жана 2022-жылга иш мерчемдерди бекитүүгө өз убагында киргизүү тапшырмасы коюлду.

“Министрликтин чарбалык эсептеги ишканалар, жумуштун көлөмүн 10 эсеге жогорулатышын талап кылам. Берилген тапшырмаларды так жана өз убагында аткарылуусу зарыл. Аткарылган ар бир жумушка баа берилет”, - деген министр Бообек Ажикеев.

Аппараттык жыйынга министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары катышты.

Ошондой эле буга чейин өткөрүлгөн аппараттык кеңешмелерде коюлган протоколдук тапшырмалардын аткарылышы боюнча башкармалыктардын маалыматы угулду.

Пикир

Оставить комментарий