• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кызматкерлерди аттестациялоо уланууда

Коом 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кызматкерлерди аттестациялоо уланууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн министрликтин Бишкек шаарындагы түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери аттестациядан өттү. Иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев катышты. Министр кызматкерлердин даярдыгына күбө болуп өз баасын берди.

ӨКМде өтүп жаткан аттестациянын максаты - аскер кызматкерлерин, өрт өчүрүүчү кызматкерлеринин иш тажырыйбасын жана билим деңгээлин балоо жана жогорулатуу болуп эсептелинет. Аттестациянын жакшы тапшырган кызматкерлер мындан ары кадрлар резервине алынып кызматынан жогорлатууга сунуш берилет. Бул иш-чара 3 этаптан - теориялык, практикалык жана физикалык (дене тарбиялык) даярдыктан турат.

Теориялык даярдыктан кызматкерлер 30дан 70ке чейин суроодон турган тест тапшырышат, ал эми практикалык жактан өрт өчүрүүчү-куткаруучулар 3 түр практикалык ыкманы көрсөтүп беришет: өрт өчүрүүчүнүн атайын кийимин кийүү (кышкы убакыт менен), куткаруу арканын 2 түрдө байлоо жана өрт жеңчесин 40 метр аралыкка тартуу. Ушул үч түр практикалык ыкмалар куткаруучулардын күнүмдүк иш-аракетине эң керектүү ыкмалардын бири болуп саналат. Физикалык даярдыгы жактан өзүнүн жаш курагына жараша тапшырышат. 40 жашка чейинки кызматкерлер 3 чакырым жана 100 метр чуркоо, турникте 14төн ашуун тартынуу, ал эми жашы 40тан жогору болгон кызматкерлер 1 чакырым жана атайын күч көнүгүүлөрдүн комплексин аткарышат.

Министрлик тарабынан аттестациялык комиссиясы ӨКМдин Борбордук аппаратынан жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери арасында түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий