• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде пандемия маалында каза болгон кызматкерлер эскерилди

Коом 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде пандемия маалында каза болгон кызматкерлер эскерилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-июлда Кыргызстанда коронавирус курмандыктарына байланыштуу жалпы Улуттук аза күтүү күнү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде эмгектенген айрым кызматкер да илдеттен улам кайтыш болушкан.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров жана министрликтин жалпы жамааты каза болгон кызматкерлердин жаркын элесине арнап эскерүү иш-чарасын өткөрүштү.

«Каза болгон кызматкерлерибиздин үй-бүлөсүнө, ата-энелерине кандай жардам, муктаждык керек болсо, бардык аракетибизди жумшайбыз», - деен министр.

Пикир

Оставить комментарий